Суудагы коопсуздукту жоюу үчүн ӨКМ аймактагы башчыларга чара көрүү тапшырмасын берди
Бүгүн, 2018-жылдын 30-июль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кезектеги аппараттык кеңешме болуп, анын жүрүшүндө өлкөдөгү акыркы 3 жума ичиндеги өзгөчө кырдаалдар, аларды жоюу иш-аракеттери, алдын алуу багытындагы иш чаралар, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн аракеттери, кыш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү маселелери талкууланды. Бул туурасында ӨКМнын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маселен, бүгүнкү күндө бийик тоолуу көлмөлөрдө байкоо иш-чаралары жүргүзүлүп, учурда абал туруктуу жана жырылып кетчү коркунуч жок экендигин ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдооо департаментинин директору Анаркул Айталиев билдирди. “Биз комиссия түзүп, аймактардагы тоодогу көлмөлөргө байкоо жүргүздүк, бүгүнкү күндө жырылып кетүүчү коркунуч жок, Тез-Тор көлмөсү толуп турат, биз көзөмөлгө алдык”, - деди А.Айталиев. “Бийик тоолу көлмөлөргө дайыма байкоо жүргүзүп, ар жума сайын маалымат берип туруңуздар. Ал эми кыш мезгилинде болуп кетүү өзгөчө кырдаалдарга биз эмитен даярданып баштообуз керек, кайсыл жерде кандай коопту участкалар бар, кандай күч-каражатарды чыгарышыбыз керек, тиешелүү аракеттерди көрүүнү талап кыламын”, - деди министр Н.Мирзахмедов.
Мунун менен бирге кээ бир мүчүлүштүктөр чыгып, жай мезгилиндеги суудагы коопсуздук багытында толук кандуу иш алып барбагандыгы үчүн министрликтин Чүй, Ысык-Көл облустарынын башкармалыгынын башчыларына чара көрүү тапшырмасы коюлду.
Ошондой эле, дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарындагы министрлик тарабынанан аткарылып жаткан алдын алуу багытындагы иш-чараларды өз убагында аткарууну тиешелүү башчыларына министр тапшырма берди.
Добавить комментарий ×