Коронавирустун жаңы 279 учуру катталды, алардын 47 медиктер
2020-жылдын 30-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 279 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бишкек ш. – 182
Чүй облусу – 36
Ош ш. - 1
Ош облусу - 1
Нарын облусу - 10
Жалал-Абад облусу - 7
Ысык-Көл облусу - 18
Талас облусу - 15
Баткен облусу - 9
Республика боюнча жалпы – 5 296 учур катталды.
Ошондой эле бир сутка ичинде өлкө боюнча 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 33
Чүй облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 4
Нарын облусунда – 2
Талас облусунда – 7
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 830 учур катталды, алардын ичинен 442 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/sutka-ichinde-zhay-279-uchur-kattaldy
Добавить комментарий ×