Дагы 10 медицина кызматкери COVID-19 жугузду
Бөлүшүү:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Респуликалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында 9 учур катталса, Ош шаарында 1 медицина кызматкери вирусту жугузуп алганы белгилүү болду.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/sutka-ichinde-lk-boyuncha-10-medicinalyk-kyzmatker-ildet-zhukturup-algan
Добавить комментарий ×