Стамбулдан кайтканда дене табы көтөрүлгөн КР жаранынан коронавирус табылган жок
Стамбулдан Бишкекке кайтканда дене табы көтөрүлүп, жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына жаткырылган КР жаранынан коронавирус табылган жок.
Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана өлкө аймагында жайылуусуна жол бербөө максатында түзүлгөн республикалык штабдын жыйынында айтылды.
Жыйында өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экени кабарланды.
Ошондой эле, Япониянын жээгиндеги Diamond Princess кемесинде болуп, кийин Бишкекке кайткан жарандан дагы анализдер алынып, алар таза чыкканы жыйында айтылды.
Атайын иштеп чыгылган эреже боюнча аталган жарандар 14 күндүк карантинге киргизилет жана 13-күнү дагы кайтадан анализ алынып текшерилет.
Ал эми АКШдагы Grand Princess кемесинде эки кыргызстандык бар экени аныкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/stambuldan-kajtkanda-dene-taby-ktrlgn-kr-zharanynan-koronavirus-tabylgan-zhok
Добавить комментарий ×