Стамбулдагы экс- консул Эркин Сопоков 2 айга камакка алынды

30 ноябрь 2019 23:34 9397 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков эки айга камакка алынды. Мындай чечимди анын баш коргоо чарасына караган Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн чыгарды. Ага ылайык Сопоков 2020-жылдын 28-январына чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында камакта болот. Эркин Сопоков 28-ноябрда УКМКга суракка чакырылгандан кийин камакка алынган.

Эркин Сопоковго үч эпизод боюнча айып коюлуп жатканын УКМК билдирет. Ал “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу”, жана бюджеттик каражаттарды ыксыз пайдаланган деп айып тагылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/stambuldagy-eks-konsul-erkin-sopokov-2-ajga-kamakka-alyndy



Добавить комментарий