Стамбулда жерге конгон учак экиге бөлүнүп кетти. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар

6 февраль 2020 12:49 827 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Стамбул шаарындагы Сабиха Гөкчен атындагы эл аралык аэропортко катуу күч менен келип конгон учак учуп-конуу тилкесинен чыгып, экиге бөлүнүп кетти. Андан кийин өрт чыккан.

Түркиянын жергиликтүү ЖМКларынын жазышынча, кырсыктаган учак Измир — Стамбул багыты боюнча учуп келген. Учакта жалпысынан 177 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Стамбул шаарынын губернатору Али Эрликая кырсыктан эч ким каза болбогонун билдирген. Кийинчерээк үч кишинин мерт болгону айтылды. Андан сырткары 139 киши ар кандай жаракаттарды алган.

Алдын ала маалымат боюнча аварияга катаал аба ырайы себеп болгон.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандардын арасында Кыргызстандын эки жараны бар экенин маалымдап, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери жабыркагандар менен жолугуп, кабар алган. Дарыгерлердин айтымында, кыргызстандыктардын абалы туруктуу.

Ссылка: https://barometr.kg/stambulda-zherge-kongon-uchak-ekige-blnp-ketti-zhabyrkagandardyn-arasynda-kyrgyzstandyktar-dagy-bar



Добавить комментарий