Видео. Стамбулда аскер тик учагы шаардын устүнө кулады
Бөлүшүү:
Стамбулдун Санжактепе аймагына аскер тик учагы кулап, төрт жоокер каза болуп, бирөө оор жаракат алды. Бул тууралуу окуя болгон жерден күбөлөр тартып алышып, интернетке жарыялашты.
Ал эми Түрк басылмаларынын расмий берген маалыматтарына ылайык, тик учак абага көтөрүлгөндөн кийин жарым сааттан кийин байланыш жоголуп кеткен. Аскердик машыгууга чыккан тик учак жерге кулаганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Коргоо министри Хулуси Акардын айтымында, тик учактын ичиндегилер эл жашаган аймакка эмес, жолго түшкөндөй кылып аракет жасашкандарын белгиледи.
Учурда окуяны иликтөө улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/stambulda-asker-tik-uchagy-shaardyn-ustn-kulady
Добавить комментарий ×