Сүрөт. Токтогулда маданият үйү өрттөнүп, ичиндеги 11 700 даана китеп күйүп кетти
Токтогул районундагы Торкент айылында маданият үйү өрттөнүп, ичиндеги китепканадан 11 700 даана китеп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта берилгендей, 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү саат 01:44 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигнин байланыш түйүнүнө Торкент айылынын Пахтахун көчөсүндө жайгашкан айылдык маданият үйүндө өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кабар түшөөр замат өрт өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 455 чарчы метр аянты күйгөн.
Маданият үйү 1948-жылы курулуп, дубалы кам кыштан, чатыры жыгач конструкциялардан тургузулгандыгы айтылууда.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/srt-toktogulda-madaniyat-j-rttnp-ichindegi-11-700-daana-kitep-kjp-ketti
Добавить комментарий ×