Сүрөт. Токтогулда маданият үйү өрттөнүп, ичиндеги 11 700 даана китеп күйүп кетти

12 декабря 2018 12:35 963 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Токтогул районундагы Торкент айылында маданият үйү өрттөнүп, ичиндеги китепканадан 11 700 даана китеп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта берилгендей, 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү саат 01:44 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигнин байланыш түйүнүнө  Торкент айылынын Пахтахун көчөсүндө жайгашкан айылдык маданият үйүндө өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кабар түшөөр замат  өрт өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Өрттүн кесепетинен болжол  менен 455 чарчы метр аянты күйгөн.

Маданият үйү 1948-жылы курулуп, дубалы кам кыштан, чатыры жыгач конструкциялардан тургузулгандыгы айтылууда. 

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/srt-toktogulda-madaniyat-j-rttnp-ichindegi-11-700-daana-kitep-kjp-ketti



Добавить комментарий