Сүрөт. Байлар үчүн алмаздан шөкөттөлүп жасалган учак
Кымбат баалуу таштар, алмаз менен шөкөттөлгөн учактын сүрөтү белгилүү "Эмирейтс" авиакомпаниясынын инстаграм баракчасына чыккандан бери көптөгөн элдин көңүлүн өзүнө бурду. Ушунча кымбат асыл таштарды учакка ороп салган го десеңиз, жок, бул жөн гана дизайнер ойлоп тапкан чыгармасы.
4-декабрда Сара Шахил аттуу дизайнер жана сүрөтчү аял Boeing 777 учагын алмаз менен шөкөттөлгөн идеясын өзүнүн баракчасына чыгарган. Дароо белгилүү болуп, компаниянын жетекчилигине дагы мындай идея жаккан. Дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн катарын толуктаган Араб эмирлиги мындай мүмкүнчүлүктү толугу менен ишке ашырууга кудурети жетет деген билдирүүлөр дагы эл тарабынан калтырылган.
Ал эми авиакомпаниянын жетекчилиги дизайнер Сара Шахилге мындай сонун идея үчүн Пакистандан Миланга чейинки учуу каттамында жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/srt-bajlar-chn-almazdan-shkttlp-zhasalgan-uchak
Добавить комментарий ×