Сүрөт. Анжелика Кайратованын колун ким сурады, ырчы макул болдубу?

1 апрель 2019 17:11 29252 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ар дайым элдин назарында болуп, жашоосу талкууда жүргөн ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн инстаграм баракчасынан өзгөчө жаңылыгы менен бөлүштү.

Ырчы инстаграмдын сторис бөлүмүнө кучагы толгон гүл менен сүрөттөрүн жүктөп окурмандарына:

“Ар кимдин бактылуу болууга укуктуубу?”, -деп суроо салып “Мен ооба дедимби же жок дедимби? Деген сурамжылоо жайгаштырып койду.

Анжеликанын катталуучуларынын 91 пайызы ооба ал эми 9 пайызы жок деген жоопту тандашты.

Сүрөттө ырчы кучак толо гүлдөр жана шарлардан сырткары колундагы шакегин да тартып жүктөгөн.

Эске салсак, Анжелика жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашкандан кийин Марат Назарбеков аттуу бизнесмен менен мамилеси бар деген маалымат тараган эле. Бүгүн минтип ырчы күйөрмандарын ойго салды.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-anzhelika-kajratovanyn-kolun-kim-surady-yrchy-makul-boldubu



Добавить комментарий