Сүрөп туралы! Айсулуу Тыныбекова бүгүн финалдык беттешке чыгат

15 декабрь 2020 11:23 5555 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргызстандын сыймыгы, эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону Айсулуу Тынбекова Сербияда өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда финалга чыкты.

 14-декабрда эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында мелдеш башталып, Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак категориясындагы турнирде күч сынашып жатат.

Кыргызстандык балбан кыз 1/8 финалдык баскычта Румыниянын спортчусу Крисца Тунде Инкзени  10:0 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда Тыныбекованын атаандашы түркиялык Жансу Аксой болду. Кыргызстандык балбан кыз түркиялык атаандашын да мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Тыныбекова Россиянын чемпиону ошондой эле, 2019-жылы дүйнөнүн вице-чемпиону, орусиялык Любовь Овчаровага каршы күрөштү. Кыргызстандын сыймыгы Тыныбекова эч кандай кыйынчылыктарсыз 13:2 эсеби менен эрте жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште аны латвиялык Анастасия Григорьева күтүп турат.

Бул салмак категориясындагы акыркы беттеш 15-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Мындан сырткары, Кыргызстандан барган балбан кыздар Нураида Анаркулова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы алгачкы беттештерине чыгышат.

Бүгүн килемге чыга турган балбандардын тизмеси: 

Нураида Анаркулова - Патрисия Гиль (Польша);

Мээрим Жуманазарова - Анна Садчанка (Беларусь өлкөсү);

Айпери Медет кызы - Мария Оряшкова (Болгария);

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.


Ссылка: https://barometr.kg/srp-turaly-ajsuluu-tynybekova-bgn-finaldyk-betteshke-chygat



Добавить комментарий