Өспүрүмдү отвертка менен сайгылаган жигит 4 жылга кесилди
Бөлүшүү:
Чүй областынын Москва райондук соту тарабынан 1988-жылы туулган М.Э.ге карата өкүм чыгарылды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 23-октябрында саат 17:30да Ак-Суу айылындагы үйлөрдүн биринде мас болуп алган 30 жаштагы жигит 2002-жылы туулган өспүрүмгө күч колдонуп, анын денесин, бетин отвертка менен сайгылаган.
Мунун кесепетинен жаш өспүрүм ооруканага жаткырылган.
Бул кылмышы үчүн М.Э. төрт жылга абакка кесилди.
Ссылка: https://barometr.kg/sprmd-otvertka-menen-sajgylagan-zhigit-4-zhylga-kesildi
Добавить комментарий ×