Спортчу Дарья Маслова карьерасын аяктаганын билдирди
Бөлүшүү:
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасынын мүчөсү Дарья Маслова кесиптик карьерасы аяктаганын билдирди. Бул тууралуу спортчу социалдык баракчасына жазганын “Барометр” маалымдайт.
“Кыргызстандын элине жана өзүмдүн күйөрмандарыма жаңылыкты бөлүшкүм келди.Мен көпкө ойлонуп, талдап жана өзүм үчүн жөнөкөй эмес чечимди кабыл алдым. Кесиптик карьерама чекит кое турган учур келди”,-деп жазды спортчу.
Эскерте кетсек, Маслова Рио-2016 жана Токио-2020 олимпиадаларына катышкан. Анын эсебинде 2018-жылдагы Азия оюндарында алган алтын жана күмүш, ошондой эле Азия чемпионатында алган алтын медалдары бар.
Ссылка: https://barometr.kg/sportchu-darya-maslova-karerasyn-ayaktaganyn-bildirdi
Добавить комментарий ×