SpaceX космос аркылуу сентябрда бүт дүйнөнү интернет менен камсыз кылат

25 июнь 2021 10:56 836 Barometr
Бөлүшүү:
ok

SpaceX космостук компаниясы сентябрь айында бүткүл дүйнөгө жандооч аркылуу интернет берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Reuters булагы аталган компаниянын башкы операциялык директору Гвинна Шотвеллага таянып кабарлады.

1,8 миң жандооч орбитага жеткирилгенден кийин компания бүт дүйнөнү зымсыз интернет менен камсыздай алат. Бул 2021-жылдын сентябрь айында ишке ашат. Бирок SpaceX жергиликтүү көзөмөлдөөчү органдар менен сүйлөшүп телекоммуникациялык тейлөөлөргө уруксат алышы керек. Учурда Starlink 11 өлкөдө сынак иретинде иштеп жатат.

Жалпысынын компания орбитага 12 миң жандооч алып чыгууну пландоодо. Илон Масктын компаниясы буга чейин эле 500 миңден ашык тапшырыктарды алганын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/spacex-kosmos-arkyluu-kznd-bt-djnn-internet-menen-kamsyz-kylat



Добавить комментарий