ТЭЦтеги аварияга күнөөлүүлөр келтирилген зыян үчүн 11 миллион сом төлөйт
Кечээ, 19-апрелде Биринчи май райондук соту Бишкек ТЭЦинде болгон авария боюнча кылмыш ишине чечим чыгарды.
Айыпталып жаткандар соттун өкүмүнө ылайык “Электр станциясы” ачык акционердик коомунун доосуна 8 миллион сом көлөмүндө компенсация жана айып пул төлөйт. Ошондой эле “Бишкек жылуулук түйүндөрү” ачык акционердик коомуна 3 миллион сом берүүлөрү зарыл. Тактап айтканда соттолгондор баш-аягы мамлекетке 11 миллион сомдук зыяндын ордун толукташмакчы.
Соттун өкүмү чыгып жана айып пул төлөй турган мурдагы-топ-менеджерлердин тизмеси:
Улуттук энерго холдингдин экс-башчысы Айбек Калиев 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды жана 100 миң сом айып салынды.
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун экс-башкы директору Узак Кыдырбаев 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып салынды.
Улуттук энерго холдингдин төрагасынын орун басары Нурлан Садыков 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды жана 100 миң сом айып салынды.
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун экс-орун басары Бердибек Боркоев 8 жыл эркинен ажыратылды жана 150 миң сом айып тагылды.
ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды жана 100 миң сом айып салынды.
ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмуркул уулу 4 жыл абакка кесилди жана 150 миң сом мамлекетке айып пул төлөмөй болду.
Мурдагы техникалык директор Нургазы Курманбеков 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып төлөмөй болду.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-tectegi-avariyaga-ajbek-kalievdi-knl-dep-tapty-sottun-km
Добавить комментарий ×