Сот Эрнест Карыпбеков, Бектур Асанов жана Кадыродун жаза мөөнөтүн кыскартты
Жогорку Сот Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов жана Эрнест Карыпбековдун кылмыш иштери боюнча өкүм чыгарды. Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун чечимин күчүндө калтырды.
Эске салсак, 2017-жылдын 17-майында Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Элүнү” кыймылынын мүчөлөрүнө карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, Дастан Сарыгулов 4 жылга (анын 3 жылы шарттуутүрдө) кесилген. Эрнест Карыпбеков мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга соттолгон. Ал эми Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровго 12 жыл күчөтүлгөн режимдеги колонияда кармалуу чечими чыккан.
2018-жылдын 7-февралында Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы чечимдикүчүндө калтырган. Бирок, сот мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов менен эксперт Эрнест Карыпбековдон “Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч мененкармап туруу” беренеси боюнча айыптардыалып салган.
Бирок, Жогорку сот бул үчөөн тен бийликти басып алуу аракетине күнөлүү деп таап, ал эми абакта кармоомөөнөтүн кыскартты.
Эрнест Карыпбеков 20 жыл эмес 12 жылга камалды. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жыл эмес, 8 жылдан жаза мөөнөтүнөтөйт.
Жогорку соттун өкүмү акыркы жана даттанууга жатпайт.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-ernest-karypbekov-bektur-asanov-zhana-kadyrodun-zhaza-mntn-kyskartty
Добавить комментарий ×