Сот Бишкекте 1-июлга чейин митинг жана акцияга чыгууга тыюу салды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Биринчи Май акимиатынын 4-марттан 1-июлга чейин борбор калаада каршылык акцияларын жана тынч митинг өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча арызын карады.
Сот Зарема Бейшеева өтүнүчтү канааттандырып, Бишкекте 1-июлга чейин митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө тыюу салды.
Маалыматка ылайык, акимиат мындай чечимди шаарда туруктуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алган.
Митингдерди уюштурууга тыюу салууга дүйнө жүзүн каптап жаткан коронавирус дагы таасир берген. Себеби кишилерге эл көп чогулган жерлерден оолак болуп, көп киши катышкан иш-чараларга чектөө киргизүү сунушталган.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-bishkekte-1-iyulga-chejin-miting-zhana-akciya-kyluuga-tyyuu-saldy
Добавить комментарий ×