“Бишкек-Ош” унаа жолунда кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыю салынды

19 октябрь 2023 08:57 892 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бишкек-Ош” унаа жолунда кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыю салынды. Бул тууралуу МККБнүн маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалыматта, кыш мезгилинде унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында,  “Бишкек-Ош” унаа жолу аркылуу автобус жана маршруттук унаалар  менен жүргүнчүлөрдү ташууга 15-октябрдан тартып,  2024-жылдын 1-майына чейин тыю салынганы айтылат. 

“Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери  авто бекеттерде маршруттук унаалардын айдоочуларына жолго чыкпоо керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүдүүдө”, -деп жазылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-kichi-avtobustar-menen-zhrgnchlrd-tashuuga-tyyu-salyndy



Добавить комментарий