Сот бүгүн “Баха Базар-Коргонскийдин” баш коргоо чарасын карайт
Бүгүн, 3 октябрда сот “Баха Базар-Коргонскийдин” баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет
2020-жылдын 1-октябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү жана КРнын ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Россия Федерациясынын аймагында жана КРнын КЖКнын 167-бер. (Тоноо) менен соттолгон, крим-чөйрөдө “Баха Базар-Коргонский” деп таанылган, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган 1981-ж.т. А.Б. кармалган.
Ага карата Базар-Коргон районунун 1960-ж.т. тургуну А.Ш. милицияга арыз жазып 110 000 (бир жүз он миң) сом акчасын алдап алып, убада кылган иштерин бүтүрбөй же акчасын кайтарып бербей алдап качып жүргөндүгүн билдирген.
Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Бүгүн 3-октябрда алдамчылыкка шектелген А.Б. баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-bgn-baha-bazar-korgonskijdin-bash-korgoo-charasyn-karajt
Добавить комментарий ×