Сорос Кыргызстан ооруканаларга 16 млн сомго дары-дармек таратты (Сүрөт)

6 август 2020 16:55 1201 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сорос Кыргызстан Фонду облустук ооруканаларга дары-дармек каражаттарын берди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Сорос Кыргызстан Фонду коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн 7 облустук бириктирилген ооруканага жана өкмөткө караштуу ЖАМКты керектүү дары-дармек менен камсыз кылды. Жалпы колдоонун суммасы 16 453 500 сомду түздү.

Дары-дармек каражаттарынын тизмесине антикоагулянттар жана антибиотиктер кирди: клексан – 3000 таңгак, эноксапарин – 3000 таңгак, гепарин – 2000 таңгак, цефепим – 15000 таңгак.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусунун пандемиясы башталгандан бери аталган фонд жеке коргонуу каражаттарын кайтарымсыз берүү, 118 ыкчам байланыш линиясын, психологиялык жардам боюнча ыкчам байланыш ачууда көмөк көрсөтүп келүүдө.

Дары-дармектердин бөлүштүрүлүшү:

* Чүй облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 500 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 2500 таңгак; Клексан – 290 таңгак.

* Нарын облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 300 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 800 таңгак; Клексан – 180 таңгак.

* Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 150 таңгак; Гепарин – 80 таңгак.; Цефепим – 1400 таңгак; Клексан – 80 таңгак.

* Талас облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 200 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 800 таңгак; Клексан – 180 таңгак.

* Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасы: Эноксапарин – 900 таңгак; Гепарин – 670 таңгак; Цефепим – 5000 таңгак; Клексан – 500 таңгак.

* Баткен облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 150 таңгак; Гепарин – 100 таңгак; Цефепим – 1000 таңгак; Клексан – 170 таңгак.

* Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 800 таңгак; Гепарин – 700 таңгак; Цефепим – 3500 таңгак; Клексан – 600 таңгак.


Ссылка: https://barometr.kg/soros-kyrgyzstan-fondu-oblustuk-oorukanalarga-dary-darmek-karazhattaryn-berdi



Добавить комментарий