Сопу-Коргон менен Терек айылын бириктирген унаа жолу бир тараптуу ачылды
Сопу-Коргон айылы менен Терек айылын бириктирген унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 21-июнь күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев а/а Терек айылында сел суулары жүрүп, Кара-Талаа, Сопу-Коргон айылдарынын унаа жолунда сел суулары түшүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.
“Жеринде координациялоо иштерин жүргүзүү менен КР ӨК министринин орун басары п-к У.М.Шамырканов, Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ, КР ӨКМине караштуу мониторинг жүргүзүү департаментинен кызматкерлер иш алып барууда.
Селдин кесепетинен Терек айылында 1 турак үйдүн ичине, 12 үйдүн короо-сарайларын, Алтын-Кен тилкесинде 2 турак үйдүн короо сарайын кум шагылга толтурган. Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 7 чакырымынын аралыгында 3 тилкеде сел калдыктары жолду жаап каттам үзүлгөн, 1 электр мамычасын сел агызып кеткен, адам өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда жеринде КР ӨКМнен 42 куткаруучу, а/а тарабынан 1 жүктөгүч, №959 ЖТИден 1 грейдер, 1 бульдозер тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Тартылган техниканын жардамында Сопу-Коргон-Терек унаа жолу сел калдыктарынан тазаланып бир тараптуу ачылып кеңейтүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/sopu-korgon-menen-terek-ajylyn-biriktirgen-unaa-zholu-bir-taraptuu-achyldy
Добавить комментарий ×