Сопу-Коргон менен Терек айылын бириктирген унаа жолу бир тараптуу ачылды

22 июня 2023 10:43 581 Barometr
Поделиться в:
ok

Сопу-Коргон айылы менен Терек айылын бириктирген унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 21-июнь күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев а/а Терек айылында сел суулары жүрүп, Кара-Талаа, Сопу-Коргон айылдарынын унаа жолунда сел суулары түшүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. 

“Жеринде координациялоо иштерин жүргүзүү менен КР ӨК министринин орун басары п-к У.М.Шамырканов, Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ, КР ӨКМине караштуу мониторинг жүргүзүү департаментинен кызматкерлер иш алып барууда. 

Селдин кесепетинен Терек айылында 1 турак үйдүн ичине, 12 үйдүн короо-сарайларын, Алтын-Кен тилкесинде 2 турак үйдүн короо сарайын кум шагылга толтурган.  Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 7 чакырымынын аралыгында 3 тилкеде сел калдыктары жолду жаап каттам үзүлгөн, 1 электр мамычасын сел агызып кеткен, адам өмүрүнө зыян келген эмес.  Учурда жеринде КР ӨКМнен 42 куткаруучу, а/а тарабынан 1 жүктөгүч, №959 ЖТИден 1 грейдер, 1 бульдозер тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Тартылган техниканын жардамында  Сопу-Коргон-Терек унаа жолу сел калдыктарынан тазаланып бир тараптуу ачылып кеңейтүү иштери жүрүүдө.  Кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/sopu-korgon-menen-terek-ajylyn-biriktirgen-unaa-zholu-bir-taraptuu-achyldy



Добавить комментарий