Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодогу пайыздык босого боюнча өз оюн айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында сүйлөп жатып, парламенттик шайлоодогу пайыздык босого боюнча өз оюн билдирди.
Мамлекет башчысы азыр пайыздык босоголор боюнча талкууга чек коюла электигине токтолду.
"Бул маселе боюнча менин пикиримди билүүгө ынтызар болгон мекендештерим, айрым депутаттар мага түз дагы, маалымат каражаттары аркылуу дагы кайрылышты. 9 пайыздык чекти ушул жерде отурган депутаттардын көпчүлүгү колдоп, мыйзам кабыл алынган эле. Бул норма шайлоого катыша турган саясий күчтөр тарбанын катуу талкууга алынып, азыр өзгөртүүнү талап кылууда. Дээрлик жарым жылга жакын созулуп келе жаткан талкууга мен дагы көңүл буруп, айтылган ойлорду угуп турдум. Азыр мына 9, 7, 5 жада калса 3 пайыз деген дагы пикирлер айтылып жатат. 9 пайызды демилгелеп аны колдогондодун оюн эске салсак, негизги аргумент партяларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык муктаж, бирок ага саясий күчтөр даярбы? Маселе ушунда болуп жатат. Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй саясий күчтөр, партия лидерлери буга даяр эмес. Жашырганда эмне, элибизде жакшы сөз бар "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген. Бизде мына ушундай эле, ар бир саясатчы өзүн лидер катары тааныйт. Ошондуктан партияларды ирилештирүү биздин саясатчыларыбыз үчүн эртерек болорун көрсөттү", — деди ал.
Жээнбеков андан сырткары 7 пайызжык босого басып өтүлгөн жол экенин айтып, 5 жана 3 пайызды айткандар жаштарга мүмкүнчүлүк берели деген элдин кулагына жага турган аргументтерди айтып жатканына токтолду.
"Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып өз табылгасын көргөндөр болуп жатат десек жаңылышпайыз. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп бир кесет деген ойдомун", — деди президент.
Мамлекет башчысы ошондой эле бардык партияларга карата бирдей мамиле кыла турганын баса белгиледи.
Добавить комментарий ×