Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапар менен барат

24 октябрь 2018 09:35 1042 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 24-октябрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Нарын облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, президент Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушат жана социалдык объектилерге барат.

Бүгүн Нарында президенттин катышуусу менен КР УКМК жана ӨКМдин кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-naryn-oblusuna-ish-sapar-menen-barat



Добавить комментарий