Сооронбай Жээнбеков мурдагы премьер-министр жана спикерлер менен жолугат

10 октябрь 2018 10:10 1976 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн маданият, илим, билим ишмерлери, өкмөт менен парламенттин мурдагы жетекчилери жана Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылып жаткан өнөктөштөр - донорлор менен да жолугушууну пландап жатат. 

Бул тууралуу ал кечээ, 9-октябрда Талас облусунда, Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылында орто мектептин ачылыш аземинде билдирди. Мамлекет башчысы буга чейин коомдун түрдүү тармактарында эмгектенген адистер жана кесипкөй адамдар менен жолугушуу өткөргөнүн эске салды. Алар - маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, Кыргызстандын бизнес коомчулугу.

 «Ар кайсы багыттарды өнүктүрүп, Кыргызстаныбызды жаӊы тепкичке көтөрүү боюнча сунуштарды талкууладык. Өлкөбүздү өнүктүрүүдө кандай көйгөйлөр бар экендигин ачык сүйлөштүк. Курч маселелерди ортого салып, аны чечүүнүн жолдорун белгиледик. Эл арасында аттуу-баштуу, мамлекеттин ишине өз салымын кошчу адамдарыбыз арбын. Мурда кыргыз өкмөтүн жана парламентин жетектеген инсандар менен да ийри отуруп, түз кеңешип, ачык сүйлөшүп, өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык актуалдуу маселелери боюнча пикир алышууга ниеттенип жатам», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-murdagy-zhetekchiler-menen-zholugat



Добавить комментарий