Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат

13 июнь 2018 22:45 1961 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков   Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен  Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш сапардын алкагында президент Москвадагы  футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине  катышат. 

Өлкө башчысы  Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган  жолугушуусу болмокчу. 

Оюндун ачылыш аземи 14-июнда башталат. 

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-futbol-boyuncha-djnlk-chempionattyn-achylysh-azemine-katyshat



Добавить комментарий