Сокулукта турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, түтүнгө ууланып 91 жаштагы адам каза болду

26 декабрь 2018 10:05 966 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, түтүнгө ууланып 91 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, үй ээси 1927-жылы туулган П.К.А. аттуу жаран болгон. Маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 

Учурда өрттүн себеби такталууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-turak-jlrdn-birinen-rt-chygyp-ttng-uulanyp-91-zhashtagy-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий