Сокулукта өгөй атасы 10 жаштагы эгиз кыздарды ур-токмокко алган

28 июнь 2018 10:45 1140 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулукта өгөй атасы 10 жаштагы эгиз кыздарды ур-токмокко алган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 26-июнда арыз келип тушкөн. Милиция кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барышып 2008-жылы туулган кыздардын денесинен ур-токмокко алынган издер бар экендигин көрүшкөн. 

Кыздар жергиликтүү ооруканалардын бирине жеткирилди. Эгиз кыздардын энеси С.Л аттуу 1975-жылы туулган жаран милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул факты боюнча арыз жазган социалдык кызматкерлер Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө чакырылды. 

Ошол эле күнү Ш.А аттуу жаран кармалып, Сокулук райондук убактылуу камоо жайына киргизилди. Учурда медициналык экспертизалар жүргүзүлүп, сурак иштери жүрүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-gj-atasy-10-zhashtagy-egiz-kyzdardy-ur-tokmokko-algan



Добавить комментарий