Сокулукта үч тонна кездеме калдыктары жана цехтин чатыры күйүп кеткен (сүрөт)

14 сентябрь 2020 13:12 375 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунда кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехте өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 13-сентябрда Чүй облусунда саат 13:25 чамасында Сокулук районунун Манас айылында жыгач устундуу темир жабылган кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтин 700 чарчы метр чатыры жана 3 тонна кездеме калдыктары күйгөн. Өрттүн кесепетинен куткаруучу  бети колунан жаракат алган. Азыркы учурда абалы туруктуу. 

Өрттүн себеби такталууда

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-ch-tonna-kezdeme-kaldyktary-zhana-cehtin-chatyry-kjd



Добавить комментарий