Депутат 11-класстын окуучу кызына ноутбук белекке берди

5 апрель 2021 13:37 1982 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулукта депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен "Акыл Ордо" интелектуалдык таймашта Элнура Амантаева ноутбук утуп алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Кечээ, 4-прелде Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын окуучулары арасында "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. 

Мелдешке алдын-ала уюштурулган тестирлөөнүн алты жеңүүчүсү катышып, ат салышты.

Алгач ирет өтүп жаткан иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев, Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилери, мектеп директорлору жана айыл тургундары күбө болду.

Таймашта биринчи орунду 11-класстын окуучу Эльнура Амантаева ээлеп, депутаттын колунан заманбап ноутбук белекке алды. Экинчи орунду алган окуучуга смартфон, калган катышуучуларга китептер топтому жана башка кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Ошондой эле жеңген окуучунун мугалими Рада Иманкуловага "Байтур" кымыз менен дарылоо комплексине эки кишилик жолдомо тапшырылып, муну менен катар башка окуучулардын мугалимдерине да Жогорку Кеңештин депутатынын атынан ыраазылык каттары ыйгарылды. Ал эми таймаштын уюштуруучу Аида Медетбек кызына 20 миң сомдук акчалай сыйлык берилди.

Сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн иш-чаранын демөөрчүсү, депутат Тынчтыкбек Конушбаев башкы максаты жаштарды шыктандырып, жакшы окууга үндөө экенин белгилеп: "Билимдүү адам гана бардык бийиктиктерди багынтып, эгемен өлкөбүздү өнүктүрө алат. Андыктан, болгон күчүбүздү билимдүү жаштарды колдоого жумшоо менен катар аларды алдыга сүрөп келе жатабыз. 20 жылдык аракетибиздин арты менен алыскы Америкада билим алып, Кыргызстанда да ийгиликтүү иштеп жаткан уул-кыздарыбыз арбын. Буга чейин Суусамыр өрөөнүндөгү беш мектептин окуучулары арасында гана ушундай иш-чаралар өткөрүлүп келген болсо, быйылкы жылы алардын катарына Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясы да кошулду. Буйруса, изги тилектер менен өткөрүлгөн иш-чараларыбыз ийгиликтүү улантылып, натыйжасын берет деген ишеничтебиз", - деди депутат.

Андан тышкары, аким Аманкан Кенжебаев мындай окуучулар арасында уюштурулган интеллектуалдык таймаш Сокулук районунда алгач ирет өткөрүлүп жатканына токтолуп, тажрыйбаны аймактагы башка мектептерге да жайылтуу керектигин кошумчалады. Мындай пикирди аземге катышкан мектеп директорлору да билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-akyl-ordo-intelektualdyk-tajmashta-11-klasstyn-okuuchusu-noutbuk-belekke-aldy



Добавить комментарий