Сокулук районунда 15 жаштагы кыз даракка муунуп каза тапты

7 июнь 2019 14:16 2858 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунда 8-класста окуган кыз муунуп каза тапты. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

6-июнда ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Арал айылында жашы жете элек кыз суидцидге барганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу даракка асылып калган кыздын жансыз денесин табышты.

 Кыз 15 жаштагы М. М.экени аныкталды.Сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, кыз туугандары менен уруша кетип өз жанын кыйган.

 

   

Ссылка: https://barometr.kg/sokuluk-rajonunda-15-zhashtagy-kyz-darakka-muunup-kaza-tapty



Добавить комментарий