"Манас" аэропортунан кызды күчтөп унаага салып кетти делген видео жарыяланды

15 апрель 2021 17:00 3167 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соцтармакта “Манас” аэропорту жактан жигит кызды күч менен унаага салып кетти делген видео жарыяланды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Соцтармакка жарыяланган видео тасманын алдына окуя кече, 14-апрелден 15-апрелге караган түнү болгону жазылган.

“Кечээ кечинде "Манас" аэропортундагы унаа токтотуучу жайда болгон окуя. Болжол менен саат 1:40 же 1:50 чамасында болгон. "Хундай" авто унаасынын айдоочусу кызды күч менен каршылык көрсөткөнүнө карабай көтөрүп салып кетти. Кыз жигитти тааныбагандыгын айтып, кыйкырып жатты”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми, жогорудагы окуя тууралуу Ички иштер министрлигине “Барометрдин” журналистери байланышканда төмөндөгүдөй маалымат берди.

"Интернет булактарында азиат улутундагы белгисиз адам аялды күч колдонуп унаага отургузган видеосу тараган.

Аталган факт катталып, ИИМдин транспортттогу ички иштер  башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан видеого жазылган автоунааны текшерүү учурунда, ”Хюндай Соната” автоунаасы Б.К. жаранына катталып жана ал унааны 22 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну Р.М. айдап жүргөнү аныкталды.

2021 жылдын 15-апрелинде "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында түнкү саат 01:50дө 22 жаштагы Р.М. жана анын жубайы 23 жаштагы Ж.А. ортосунда ички ар кандай келишпестиктерден улам, түшүнбөстүктөр пайда болгон. Учурда жубайлардын бири-бирине дооматтары жок экенин тергөө органдарына билдиришти. Бирок ага карабастан аталган факт боюнча тергөө өз ишин улантууда”, - деди ИИМден.

Ссылка: https://barometr.kg/soctarmakta-manas-aeroportunan-dagy-bir-kyzdy-kch-koldonup-unaaga-salyp-ketti-delgen-video-zharyyalandy



Добавить комментарий