Социалдык түйүндөрдө Кара-Балтада эне-баланы өлтүргөн жигиттин сүрөтү тарап жатат

21 июнь 2019 11:17 7122 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдө жана мессенджерлерде акча алмаштыруучу жайдын жетекчиси менен анын уулун өлтүрүүгө шектүү делген жигиттин сүрөтү тарап жатат.  

Эркек киши «Южный» кооперативинин дачасында орнотулган видео байкоого түшүп калган.

Фотодон эркек киши бетине маска тагынып, кан болгон джинсы кийип, кара көз айнекчен баратканын көрүүгө болот.

Эскерте кетсек,Кара-Балта шаарынын четинде жайгашкан дачадан 53 жаштагы аялга жана анын 31 жаштагы уулуна белгисиз адамдар бычак сайып өлтүрүп кетишкен. Алардын сөөгү бүгүн жерге берилет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/socialdyk-tjndrd-kara-baltada-ene-balany-ltrgn-zhigittin-srt-tarap-zhatat



Добавить комментарий