Собчак Хабибди Венадагы теракт үчүн күнөөлүү деп айыптады

3 ноябрь 2020 16:15 5080 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ксения Собчак эрежесиз эр уруштун жеңилбес мушкери, UFC чемпиону Хабиб Нармагомедовду Венадагы теракт үчүн күнөөлү деди. Бул тууралуу журналист Ксения Собчак өзүнүн инстаграмм баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр" билдирет.

Собчак террористтердин Европанын көчөлөрүндө "Аллаху Акбар" деп кыйкырып, адамдарды автомат менен атып жатышканын акылга сыйгыс нерсе деп атады. Анын айтымында, бул кадимки мусулмандарды жана аны колдогондорду уятка калтырат. Ал цивилизациянын идеясын, дүйнөнү коргоого чакырды, болбосо бул дүйнө жөн эле жок болуп кетерин айтты.

“Эми Хабибге суроом. Макрондун сүрөттөрүнө жүзүн тебелеген акцияларды жана чакырыктарды жарыялоо менен ушуну кааладыңар беле? Өз пикиримди билдиргеним үчүн мага жана менин үй-бүлөмө коркутуп-үркүтүүлөрдү жаздыңар. Сиз өз аудиторияңыздын алдындагы жоопкерчилигиңизди сезесизби? Исламчыл-экстремисттерди кандуу террор уюштурууга азгыруу оңой эле болуп калды », - деп кошумчалады журналист.

Кече, 2-ноябрда Австриянын борбору Венада алты жерде террористтер адамдарга карата ок чыгарган. Акыркы маалыматтар боюнча, окуянын натыйжасында үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алышты. Австриянын канцлери Себастьян Курц бул кандуу окуяны террордук акт деп атаса, жергиликтүү ички иштер министри Карл Нехаммер кол салгандардын жок дегенде бирөөсү "Ислам мамлекети" тобуна мүчө экендигин билдирди.

Октябрь айында Францияда качкын статусун алган чечен улутундагы адам  тарых сабагында Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөткөнү үчүн  тарых мугалими Самуил Патинин башын алып салган. Мугалим менен коштошуу зыйнатында Франциянын президенти Эммануэль Макрон Франция эркиндикти коргой тургандыгын жана карикатуралардан баш тартпастыгын айткан.

Макрондун бул билдирүүсүнөн кийин бир канча ислам өлкөлөрүнүн лидерлери ага каршы пикирин билдиришкен.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Франциянын президенти Макронду “терроризмдин лидери”  деп атаган.

Ал эми, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган  Макронду исламофобия үчүн айыптап, аны "оорулуу" деп атап, "анын психикалык абалын текшерип чыгууга" кеңеш берген.

Ал эми, UFC чемпиону Хабиб Нармагомедов өзүнүн инстаграмм баракчасына Макрондун жүзүнө буттун изи түшүрүлгөн сүрөтүн жарыялаган жана аны макулук деп атап, Кудайдан анын жана бардык жолдоочуларынын жүзүн бузушун суранган.




Ссылка: https://barometr.kg/sobchak-habibdi-venadagy-terakt-chn-knl-dep-ajyptady



Добавить комментарий