Кадыров Франциянын президенти Макронду терроризмдин лидери деп атады

27 октября 2020 17:48 2812 Barometr
Поделиться в:
ok

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Мухаммед пайгамбардын карикатураларын колдоо жөнүндө айткан сөздөрүнө реакция жасап, аны терроризмдин лидери деп атады. Бул тууралуу анын Telegram каналына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кадыровдун айтымында, Макрондун билдирүүлөрүнүн кесепети кайгылуу болушу мүмкүн. «Франциянын президенти өзү террористке окшоп баратат. Провокацияларды колдоп, ал жашыруун түрдө мусулмандарды кылмышка үндөп жатат”, - деп жазган Чеченстан башчысы.

Кадыров динге ишенгендер пайгамбарыбыздын карикатураларын оор кабыл алышарын айтып,  Макрон муну билиши керек деп кошумчалады.

Кадыров мусулмандардын жашоосунда эң маанилүү болгон "дин", "маданият" жана "адеп-ахлак" сыяктуу түшүнүктөрдү сыйламайынча Европа өлкөлөрүндө татыктуу келечек жана тартип болбойт деп баса белгиледи.

Чечен лидери ошондой эле, Макронду провокацияларды жана ишенимге каршы чабуулдарды "кеч боло электе" токтотууга чакырды. Мындан тышкары, анын пикири боюнча, Париждин чет жакасында мугалим менен болгон трагедиянын келип чыгышына ишенимди жана пародияларды шылдыңдоо себеп болгон.

Буга чейин Париждин борборунда жана Франциянын башка шаарларында өлтүрүлгөн мугалимди эскерүү иш-чаралары өткөрүлгөн. Элдер сөз эркиндигин, республикалык эркиндикти коргоо жана мугалимдерди колдоо ураандары менен көчөлөргө чыгышты. Ошондой эле мультфильмдер өзүнчө китеп болуп басылып чыкканы белгилүү болду.

Мугалим Сэмюэль Патини Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көргөздү деп 16-октябрда кечинде Париждин четиндеги Конфланс-Сен-Онорин шаарында өлтүрүлгөн. Кылмышкер Абдулах Анзоров 18 жаштагы чечен улутундагы адам болгон. Ал окуу жайдын жанында мугалимди аңдып, өлтүрүп, башын кесип салган.  Кийинчерээк террористти полиция атып салган.

Ссылка: https://barometr.kg/kadyrov-franciyanyn-prezidenti-makrondu-terrorizmdin-lideri-dep-atady



Добавить комментарий