Сүлүктүдө жер көчүп унаа жолду басып калды (Сүрөт)
Сүлүктүдө жер кыртышы сүрүлүп унаа жолду тосуп калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бечээ, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000м3 жер кыртышы сүрүлүп унаа жолду тосуп калды. Унаа жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан 1 жүктөгүч, 2 самосвал тартылып, унаа жол бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 7-июль тазалоо иш-чаралары улантылат.
Белгилей кетсек, жер көчкү адам өмүрүнө зыян алып келген жок.
Ссылка: https://barometr.kg/slktd-zher-kchk-kattaldy
Добавить комментарий ×