Сүлүктүдө шахта кулап 20 жаштагы жигит каза болду

9 июнь 2021 11:05 1971 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 8-июнда Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтадагы кырсыктан  20 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, 8-июнда саат 18:00 чамасында Ак-Сүлүктү ЖЧКсында шахта кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган жигит ошол жерде каза болуп, 1985-жылы туулган эркек киши жаракат алган. Анын абалы орто оор деп бааланууда.

Жабыркагандарды куткаруу үчүн ӨКМдин куткаруучулары, милиция кызматкерлери, тез жардам бригадасы жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/slktd-shahta-kulap-20-zhashtagy-zhigit-kaza-boldu



Добавить комментарий