Сүйүнчү! Акжол Махмудов орусиялык балбан Власовду жеңип алды
Бөлүшүү:
Акжол Махмудов орусиялык балбан Роман Власовду жеңип алды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Күрөш бүгүн, 26-апрелде Алматыда Поддубный күрөш лигасынын турниринде өттү.
Спортчулар грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Беттеш абдан кызуу болуп, эки балбан тең өздөрүнүн болгон аракетин жумшоо менен күрөш өткөрүштү.
Беттештин акыркы эсеби 1:1 болду. Акжол Махмудов акыркы аракетинин аркасында 2 жолку Олимпиада чемпионун, 3 жолку дүйнөнүн жана 4 жолку Европа чемпионун жеңип, күрөштүн жеңүүчүсү болду.
Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-akzhol-mahmudov-orusiyalyk-balban-vlasovdu-zheip-aldy
Добавить комментарий ×