Акжол, Жоломан баштаган балбандар Россияда Дүйнө чемпионатына даярданып жатышат

18 август 2023 10:24 1472 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” маалымдайт. 

Маалым болгондой, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына даярдык көрүү максатында Россиянын Владикавказ шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйын 9-август күнү башталган, жана  23-августка чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

- 60 кг Жоламан Шаршенбеков;

- 67 кг Амантур Исмаилов;

- 67 кг Раззак Бейшекеев;

- 77 кг Акжол Махмудов;

- 87 кг Атабек Азисбеков;

- 87 кг Азат Салидинов;

- 97 кг Үзүр Жусупбеков;

- 97 кг Бексултан Махмудов;

- 130 кг Роман Ким.

Курама команданын машыктыруучулары:

- Улукбек Карачолоков - улук машыктыруучу;

- Азат Эркинбаев – башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-zholoman-bashtagan-balbandar-rossiyada-djn-chempionduguna-dayardanyp-zhatyshat



Добавить комментарий