Сизди жүзүңүздү тез картайта турган адаттар кайсылар?
Сиз бет терисин күтө билүү тууралуу көптү билесиз, биз аны күндөн коргойбуз, нымдаштыруучу кремдерди колдонобуз. Алкоголь жана чылым чегүүдөн алыс болгонго аракет кылабыз. Бирок чылым чегүүдөн дагы ашыкча бет терисине зыян алып келе турган адаттар бар, аларда төмөндө көз жүгүртүп, сизде ушундай адаттар бар болсо тезирээк андан арылууга аракет кылыңыз! Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Уктаар алдында макияжды тазалабай уктоо
Аялдар өмүрүндө бир ирет болсо да бетиндеги макияжды тазалбай уктаган учур болот.Айрыкча жаш кыздар макияжын уктаар алдында өчүрбөйт.Бул териге оңбогондой зыян алып келет.Тери түнкүсүн калыбына келүү мүмкүндүгүнөн ажырайт.
Пилингди абдан көп колдонуу
Ар кандай скрабдарды көп колдонуу дагы теринин убагынан эрте картаюусуна алып келет.Анын дайыма колдонуу теринин үстүнкү катмары зыянга учурап, тери ооруларын пайда кылат.
Бетке чыккан ысыктарды сыгып салуу
Дарыгерлер мунун зыян экенин эскертишет.Бетке инфекция кирип кетиши толук мүмкүн.
Кофени ашыкча колдонуу
Кофенинди, коюу демделген чайды көп дозада колдонуу бетке эрте бырыштын пайда болуусуна алып келет.
Ысык душка көп түшүү
Ысык суу бетти кургатып, бырышты пайда кылат.
Ссылка: https://barometr.kg/sizdi-zhzzd-tez-kartajta-turgan-adattar-kajsylar
Добавить комментарий ×