"Сиз менен сүйлөшүү мен үчүн чоң сыймык". Илон Маск Путинге орус тилиде кайрылуу жасады

15 февраль 2021 12:11 10154 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Россиянын президенти Владимир Путиндин Twitter'деги расмий аккаунтуна эки тилде кайрылып, аны Clubhouse социалдык тармагында маектешүүгө чакырды. Бул тууралуу Масктын соцтармактагы расмий баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Россия президенти Владимир Путиндин @KremlinRussia_E англис тилиндеги аккаунтуна англис жана орус тилдеринде кайрылуу жолдоду.

“Сиз мени менен Clubhouse тиркесмеси аркылуу баарлаша аласызбы?”, - деп англис тилинде жазган Маск.

Андан кийин Маск Путин менен сүйлөшүү ал үчүн чоң сыймык болорун жазып, орус тилинде кайрылды.

Clubhouse - бул үн менен байланышуу үчүн аудио контент тиркемеси. Анда социалдык тармактарда колдонуучулар ар кандай темаларды талкуулай турган "бөлмөлөр" же "кеңселер" бар.



Ссылка: https://barometr.kg/siz-menen-sjlsh-men-chn-cho-syjmyk-ilon-mask-putinge-orus-tilide-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий