«Синофарм» вакцинасынын 1,25 млн дозасы ушул жуманын соңунда келет

7 июль 2021 11:22 836 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушул жуманын соңунда Кытайдан Кыргызстанга 1 млн 250 миң доза Sinopharm вакцинасынын келиши күтүлүп жатат.Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Жылдыз Бакашова брифингде билдирди.

Анын айтымында, аталган дарынын 1 млн 100 миң дозасы республикалык бюджеттин эсебинен, 150 миң дозасы Кытай тараптан акысыз берилет.

“Азыркы учурда кошумча 1 млн 250 миң доза вакцинаны сатып алуу маселеси каралып жатат, аталган дарылар да июлдун соңуна чейин өлкөгө келет”,-деп айтты Бакашова.

Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкы 6 млн 570 миң 361 адам экенин белгиледи

“Вакцинацияны жайылтуу боюнча улуттук пландын негизинде калктын 70 пайызы же болбосо 2 млн 187 миң 417 адам эмдөөдөн өтүш керек. Эмделе турган приоритеттүү топ катары 1 млн 312 миң 450 адам эсептелген”,-деп айтты Жылдыз Бакашева.

 

Ссылка: https://barometr.kg/sinofarm-vakcinasynyn-125-mln-dozasy-ushul-zhumanyn-sounda-kelet



Добавить комментарий