Сингапурдун бийлиги Кытайга барганын жашырган тургундарын абакка кесиши мүмкүн

29 январь 2020 18:58 768 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сингапурдин бийлиги Кытайдын Хубэй шаарына барып келгенин жашырган тургундарына катаал чара көрө турганын маалымдады. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акыркы эки жумада Кытайдын Хубэй шаарына барып келген сингапурлуктардын саны эки миңге чукулдайт.

“”Мыйзам боюнча алар карантинге алынат. Эгер ага баш ийбесе катуу жоопкерчиликке тартылат”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда киргизилген жаңычылдыктарды аткарбагандар абакка чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Бүгүнкү күнү Сингапурда коронавирус жуккан жети киши аныкталган. Алардын бары тең Кытайдын Хубэй шаарынын тургундары.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 132 кишиге жетти. Ал эми оору жуккандар 9 миңден ашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/singapurdun-bijligi-kytajga-barganyn-zhashyrgan-turgundaryn-abakka-kesishi-mmkn



Добавить комментарий