Си Цзиньпин Кыргызстанга июнь айында мамлекеттик иш сапар менен келет

29 апрель 2019 12:12 1152 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга июнь айында мамлекеттик иш сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин 28-апрелде Пекинде жолугушуусунда белгилүү болду.

“Өткөн жылы Сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк денгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым,” – деп белгиледи Си Цзиньпинь.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрелде башка мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери менен бирге КЭРге “Бир алкак – бир жол” форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Андан сырткары, Сооронбай Жээнбеков КЭР мамлекеттик ишмерлер, ишканалардын жетекчилери жана илимий чөйрө менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ссылка: https://barometr.kg/si-czinpin-kyrgyzstanga-iyun-ajynda-mamlekettik-ish-sapar-menen-kelet



Добавить комментарий