Шыкмаматов: "Президент Текебаев тууралуу пикирин айтуусун талап кылабыз"
"Ата-Мекен" партиясы президент Сооронбай Жээнбековдон партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши тууралуу өзүнүн пикирин билдирүүсүн талап кылууда. Бул тууралуу партиянын азыркы учурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 21-ноябрда өткөрүлгөн маалыматтык конференцияда билдирди.
"Биз Президенттен Текебаев тууралуу пикирин айтуусун талап кылабыз, белгилүү болгондой ал бул тууралуу эч нерсе дей элек." -деди депутат.
Анын айтымында , атамекенчилер Текебаевке байланыштуу кылмыш ишин козгоого жана аны камоого буйрукту экс-президент Алмазбек Атамбаев берген деп эсептешет.
"Бирок биз учурдагы президенттин пикирин угуп көргүбүз келет. Эгерде журналисттерде сиздерде мамлекет башчыга суроо берүүгө мүмкүнчүлүгүңөр болсо, бул тууралуу сурасаңар болот. Ал "Жок, Текебаев экс-президенттин буйругу боюнча колго алынган эмес" же тескерисинче "Ооба, Текебаевди менин эски досум камаган" деп жооп бериши мүмкүн" -деп кошумчалады Шыкмаматов.
Ага кошумча атамекенчилер Президент Сооронбай Жээнбековдун тергөө иштеринин адилеттүү өтүшүнө шарт түзүп берүүсүн суранаарын айтты.
"Муну менен биз Президенттин тергөөгө катыш деп суранбайбыз. Ал мамлекет башчысы катары сот иштеринин адилеттүү өтүүсүн талап кыла алат экенин айткыбыз келет" -деп кошумчалады депутат.
Эске салсак, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен саясатчы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын февралында 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден "Мегаком" компаниясынын акциясын сатууда 1 млн доллар алгандыгы үчүн кармалган.
Биринчи май райондук аты аталган 2 саясатчыларга 8 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөө чечимин чыгарган. Кийинчерээк Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.
Ссылка: https://barometr.kg/shykmamatov-prezident-tekebaev-tuuraluu-pikirin-ajtuusun-talap-kylabyz
Добавить комментарий ×