Шыкмаматов: "Сот адилеттүүлүгү өлкөдөгү тең салмактуулукту сактайт"
Бүгүн, 20-декабрда «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында Соттук чечимдерди жана башка аткаруу өндүрүшүндөгү иштерди аткаруунун көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү күндө сот реформасынын айланасында абдан чоң талкуулар жүрүп жаткандыгын, кайсы гана тармакты алып караба ал сот реформасына барып такалаарын айтып:
«Анткени сот адилеттүүлүгү өлкөдөгү тең салмактуулукту сактайт»,- дейт.
Алмамбет Шыкмаматов күн тартибине коюлган маселе дагы сот реформасына түздөн түз тиешеси бар экенин белгилеп, андыктан фракция жыйынына чыгарылып жатканын чечмелеп берди.
Жыйында аталган маселе боюнча КР Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов баяндама жасады.
Мындан сырткары, КР Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана Каржы министрилигинин өкүлдөрү дагы маалымат беришти. Кубанычбек Капалов Сот департаментинин күчүнө кирген соттук жана башка мыйзамдарда каралган актылардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча негизги иш-милдетин айтып келип, бүгүнкү күндө республика аймагындагы 57 сот аткаруу кызматында 203 сот аткаруучусу иштеп жатканына токтолду. Алар 52 мамлекеттик органдагы иштер боюнча соттук чечимдердин аткарылышын камсыз кылат.
Мындан сырткары, 41000ден ашуун алимент төлөбөй жүргөн аталар менен иш алпарат. Буга кошумча иретинде «Коопсуз» шаар долбоорунун алкагында жол эрежелерин сактабаган 40000ден ашуун айдоочуга коюлган айыппулдарды өндүрүү иш-милдеттери турат.
Бүгүнкү күндө сот аткаруучулардын эмгек акысы 10-12 миң сомдун тегерегинде.
Мындан сырткары, сот аткаруучуларга айыппулдарды өндүрүүдө 10%дык сыйакы маселеси мыйзам менен кепилденгени менен аткарылбай келе жатат. Талкууда Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков сот аткаруучуларга стимул катары белгиленген 10%дык сый акы КР Бюджет кодексинин долбоору каралып жатканда эс алынбай калгандыктан берилбей жаткандыгын чечмелеп берди.
Бул маселе боюнча собол узаткан депутат Искендер Гайпкулов жаралган кырдаалга учурунда реакция кылбаган Өкмөттүн кайдыгерлигин айтып, өз маалында Сот департаментинин жетекчилиги дагы аракеттерди көрбөгөндүгүн сынга алды.
«Бирок, мыйзамга түзөтүү киргизүүнү күтпөстөн эле Өкмөт өз токтому менен жагдайды жөнгө салса болот, анткени 10%дык сый акы мамлекетке тиешелүү акча эмес»,- дейт ал.
Депутат Айсулуу Мамашева бул жерде бир гана 10%дык сый акынын маселеси менен эмес, сот аткаруучулардын макамын жогорулатуу боюнча дагы иш алпаруу зарылдыгын баса белгиледи.
Сот аткаруучулардын ишин илгерилетүү боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алууну депутат Сайдулла Нышанов сунуш кылды.
Анын айтымында, соттун чечимине кайдыгер карап жүргөн, маселен, алимент төлөбөгөн жарандар өлкө сыртына аэропорт аркылуу чыга албайт, банктык операцияларды жүргүзө албайт жана башка.
Жыйынтыгында депутаттар тарабынан берилген сунуш-пикирлерди эске алуу менен фракциянын атынан өлкө башчысына сот аткаруучуларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо, сот аткаруучулардын макамын көтөрүү сыяктуу иш-аракеттер боюнча өлкө башчысына кат жолдоо тууралуу чечим кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/shykmamatov-antkeni-sot-adilettlg-lkdg-te-salmaktuuluktu-saktajt
Добавить комментарий ×