Швейцарияда учак кулап, борттогулардын баары набыт болду

6 август 2018 08:45 1728 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Швейцарияда Альпы тоолоруна туристтерди ташып бара жаткан эски учак кулап, ичиндеги 3 экипаждын мүчөсү жана 17жүргүнчүсү менен набыт болду. Бул туурасында                 Риа новости маалымат агенттиги билдирет. 

 JU52 HB-HOT марксындагы учак 1939-жылы экинчи дүйнөлүк согуштун убагында жасалган. Андыктан эскилиги жеткен учактардын тизмесине кирген. Учак туристтерди ташыа бараткан учурда 2540 метр бийиктикте Альпы тоосунун үстүндө кулаган. Берилген маалыматтарга ылайык, борттогу адамдардын 11и эркек, ал эми тогузу аялдар болгон. Каза болгондордун жашы 41 жаштан 84 жашка чейин деп билдирет маалыматта. 

Учак "кара кутучасы" жок болгондугуна байланыштуу кырсыктын себептери такталган жок. Жергиликтүү куткаруучулар каза болгондордун сөөктөрүн алып келүү иштерин баштоодо. 

Ссылка: https://barometr.kg/shvejcariyada-uchak-kulap-borttogulardyn-baary-nabyt-boldu



Добавить комментарий