Швецияда белгисиз адамдар 80 автоунааны бир түндө өрттөдү
Бөлүшүү:
Швецияда белгисиз адамдар 13-августтан 14-августка караган түнү 80 автоунааны бир убакытта өрттөдү. Жергиликтүү полиция өлкөдө чоң өрт кырсыктары буга чейин болуп тургандыгы жана мындай масштабдуу өрттөөнү биринчи жолу көрүп жаткандыктарын айтышты. Күбөлөрдүн айтымында, унааларды кара беткап кийген, колдорунда бензин кармаган адамдар өрттөгөн.
Окуянын чоо-жайын жергиликтүү полиция кызматкерлери териштирүүдө деп билдирет чет элдик басылмалар.
Добавить комментарий ×