Шварценеггер итине кантип кол жууш керектигин көрсөттү – видео
72 жаштагы Арнольд Шварценеггер күнүнө колун 50дөй жолу жууй турганын, өзгөчө тырмактардын алдына көңүл бөлө турганын билдирди. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялаган видеодо айтып берди.
“Мен Черриге колду кантип жууш керектигин көрсөттүм. Достор силер дагы ага аябай көңүл бурасыңар деп ишенем. Өзүңөрдү жакшы карап, колуңарды жуугула”, — деп ал күйөрмандарына кайрылды.
Шварценеггер тазалыкты сактоо менен вирустун жугуусун азайтса болорун айтат.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан улам 6,5 киши каза болду.
Дарыгерлер оорунун алдын алуунун эң жөнөкөй жолу бул тазалыкты сактоо экенин эскертишет. Башкача айтканда тамак ичер алдында колду таза жууш керек.
Ссылка: https://barometr.kg/shvarcenegger-itine-kantip-kol-zhuush-kerektigin-krstt-video
Добавить комментарий ×